05:32
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Камчыбек Ташиев өкмөттүн отставкасын талап кылды. Ал эл үчүн каалаган ишке даяр

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Камчыбек Ташиев өкмөттүн отставкасын талап кылууда. Бул тууралуу ал маалымат жыйында айтты.

Анын билдирүүсүндө, азыркы өкмөт көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү эмес. Ал өкмөттү өзү башкарууга даярсызбы деген суроого «мен эл үчүн каалаган ишке даярмын» деп жооп берди.

Камчыбек Ташиев билдиргендей, бир жарым жылдан бери бийлик эч нерсе кылган жок. «Шайлоо алдында президенттин берген убадалары бар, аларды аткарыш керек. Өзүңүздөр байкагандай мигранттардын саны өсүүдө, анткени өлкөдө эч нерсе чечилбей эле», -деди ал.

«Мен оппозицияда эмесмин. Мен мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду колдоп келгем, ага иштерине ийгилик каалайм», -деди мурунку депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума