07:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

MegaCom иши. Азамат Мурзалиевдин жаза өтөө мөөнөтүн бир жылга кыскартышты

«Альфа Телеком» ЖАКтын мурунку башкы директору Азамат Мурзалиевдин жаза өтөө мөөнөтүн бир жылга кыскартышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Канат Хасанов билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Соттун соттук коллегиясы уюлдук компаниянын мурунку менеджеринин кылмыш ишин кайрадан карап чыкты.

«Ишенип берилген мүлктү таратып салуу боюнча айыптоого менин өтүнүчүмдү канааттандырышты, эпизодду аз оор кылмышка алмаштырышты. Бирок, бир гана жылды кыскартышты, негизи 6 жылды кыскартышы керек эле», -деди ал.

Эскерте кетсек, Азамат Мурзалиев соттун чечими менен 12 жылга эркинен ажыратылган. Учурда жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Эң көп окулган жаңылыктар