17:48
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Альтернативдүү КСДП Алмазбек Атамбаевден партиянын мөөрүн сурап жатат

Сагынбек Абдырахманов башында турган Альтернативдүү КСДП мурунку президент Алмазбек Атамбаевден партиянын мөөрүн сурап жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында белгилүү болду.

Сагынбек Абдырахмановдун айтымында, юристтер Адилет министрлигинен кайра каттатуу үчүн документтерди жана Алмазбек Атамбаевге кат даярдап коюшту.

Катта мурунку президенттен партиянын мөөрүн өз ыктыяры менен өткөрүп берүү жазылган. Анткени ал партиянын лидери гана эмес, катардагы мүчөсү да болуп саналбайт.

Эң көп окулган жаңылыктар