КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева анын артынан белгисиз адамдар аңдып жүрүшкөнүн социалдык түйүнгө жазды.
«Мен Жалал-Абад шаарынын аба майданынан чыккандан бери мына бул азаматтар артыман аңдып жүрүшөт. Кайда барсам дагы аркамдан калбай ээрчип, камерага тартышууда. Бизге белгилүү болгондой, жогорудан партиянын алдыда болчу съездине делегаттар тандалуучу партконференцияны үзгүлтүккө учуратуу буйрук түшүптүр. Биз бут тосуулар, басым жана ар кандай чагымчыл аракеттер болоорун билип турабыз. Бирок, эч нерсеге карабастан, 6-апрелде съездибизди өткөрөбүз», -деп жазган өкүл.