USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Кайрадан бирге. Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун чогуу түшкөн сүрөтү

09:31, 27 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Парламенттин мурунку депутаты Камчыбек Ташиевдин президенттикке ат салышкандардын бири, саясий тандем боюнча өнөктөшү Өмүрбек Бабанов менен бирге түшкөн сүрөтү жарыяланды. Сүрөттү Фейсбуктун колдонуучусу Искен Афиджанов өздүк баракчасына жайгаштырган.

Камчыбек Ташиев сүрөттүн астына «Баардык жакшы нерселер азыр гана башталууда! Жакында көрүшкөнчө!» деп жазган. Анда сүрөт ушул жылдын 25-мартында тартылганы маалым болду. Камчыбек Ташиев бул тууралуу түшүндүрмө бере элек, сүрөт кайда тартылганы дагы белгисиз. 

Эске салсак, Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов «Республика- Ата-Журт» тизмеси боюнча 2015-жылы парламентке ат салышкан. Бирок, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын штабынын өкүлдөрү менен болгон жаңжал үчүн Камчыбек Ташиевди жарыштан четтетип коюшкан.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика