Кыргызстан өзүнүн аскердик күчүн бекемдөө үчүн гана аскердик техника сатып алууда. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, 55 зооттолгон транспорт, 50 камаз сатылып алынды. Анын баарына бюджеттен акча бөлүнүп, Россиядан алынып келинген.
«Биз техника сатып алуу үчүн эч кимден акча суранган жокпуз. Кыргызстандын аймагынын коопсуздугун толук өзүбүз камсыз кылабыз. Бул техникадан сырткары, «Байрактар ТВ2» сатып алдык. Ал эми чек арада күзөткө туруп, өлкөнүн аймагын көзөмөлгө алат», — дейт Камчыбек Ташиев.