15:26
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Аба-ырайы. 23-март күнү туруксуз аба-ырайы күтүлөт

23-март күнү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарыныны кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Эң көп окулган жаңылыктар