10:20
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 226 бейтап кайрылган

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (17.03.19ж.) 226 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын ичинен 179у жаш балдар.

«Кайрылгандардын 62си ооруканага жаткырылган, алардын 52си жаш балдар. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 74 адам кайрылса, алардын 18и ооруканага жаткырылып, 56 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Кызамык менен 9 бейтап кайрылып, алардын 8и ооруканага жаткырылган», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар