20:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Парламенттик шайлоо-2020. Россияда шайлоо участоктору көбөйтүлөт

Кийинки жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага карата Россияда шайлоо участоктору көбөйтүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков элчилер менен болгон жолугушууда билдирди.

«Элчиликтердин дагы бир милдети — жооптуу мамлекеттик органдар менен бирге чет өлкөдө убактылуу жашаган жарандарыбыздын шайлоо укугун камсыздоо. Биздин мекендештерибиз көп жайгашкан мамлекеттерде, өзгөчө Россия менен Казакстанда иш ырааттуу, күчөтүлгөн темпте жүргүзүлүшү керек.Жарандарыбыздын шайлоо укугун камсыз кылуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү — негизги милдет. Россияда шайлоо участоктору көбөйтүлөт. Азыр өкмөт бул багытта иштеп жатат», -деди ал.

Президент чет жактардагы консулдук мекемелердин географиясын этап-этабы менен кеңейтүү, консулдук чөйрөдө заманбап маалыматтык технологияларды ишке киргизүү абзел экенин кошумчалады.

«Бул багытта реалдуу иштер башталды. Мисалы, ушул жылы Россиянын Новосибирск шаарында Башкы консулдук ачылды. Мекендештерибиз көп жайгашкан башка региондорунда да ачылат», -деди өлкө башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар