21:45
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кыргызстанда кургак учуктан каза болгондордун саны 6га кыскарды

Кыргызстанда кургак учуктан каза болгондордун саны 6га кыскарды. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулаат Кадыров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республикада кургак учук боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу.

«Бул оору менен ооругандардын эң көп саны 2001-жылы катталган, анда 100 кишиге 168 учур катталган. Ошол жылы оорудан каза болгондордун саны дагы көп болгон, 17 учур катталган», -деди ал.

Абдулаат Кадыровдун айтымында, былтыр 100 кишиге кургак учук менен ооруган 85 учур катталган. «Биз оорунун санын 50 пайызга азайттык», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар