Гүлзар Дүйшенованын майыптар арабасында отурганына 16 жыл болот. Анын бой жеткен 19 жана 22 жаштагы уулдары бар. Жолдошунун көзү өтүп кеткенден кийин Гүлзар Дүйшенова балдарын жалгыз тарбиялап өстүрдү.
Ал турмуштун сыноосуна моюн сунбай Сүймөнкул Чокморов атындагы сүрөт окуу жайын бүтүрүп, кийизден буюм жасоочу чебер болуп чыкты. Андан тышкары маникюр курсун жана «Ловзпринт» долбоорунда маркетинг курсун аяктады.
Каарманыбыз кырсыктаганга чейин Бишкектеги № 93 лицейде окуп, офис-менеджер кесибине да ээ болгон.
Бир катар өнөрдүн ээси айттырбай келген кырсыктан тарта, пандус көйгөйү, укук коргоочу уюмдар тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди.
— Сиз коляскага кырсыктап отуруп калгансызбы?
— Мен 2002-жылы мас айдоочунун айынан автокырсыкка учурагам, ошол себептен эки омурткам сынып, жүлүнүмө доо кеткен, андан тышкары башыман, денемен дагы жаракаттарды алып, анын айынан бутум баспай калды.
Адегенде басууга үмүтүм чоң эле, дарыгерлер деле диагнозумду билип турган менен, көңүлүмдү улап басасың дей беришти. Барбаган жерим калган жок, апам экөөбүз далай азап тарттык. Ошенткен менен эч кандай тыянак чыккан жок, жылыш болбоду.
Бул коляскага көнүп, майыптыгымды кабыл алып, азыркы жашоого көнүү үчүн өмүрүмдүн 5 жылы кетти.
— 1-топтогу майыпмын, майыптыгым жөнүндө справкада «ар дайым бирөөнүн жардамына муктаж» деп жазылып турат. Социалдык коргоодон жөлөк пул катары 2000 сом алам, жыл сайын азайбайт да, көбөйбөйт. Мамлекеттен акча каражаты каралган эмес. Айыл өкмөтү кышында 1500 сомго көмүр жана 3-декабрда 500 сом акча бөлүп турат.
— Социалдык түйүнгө котормочулук менен алектенем деп жазган экенсиз, дагы эмнеге шыктуусуз?
— Жашоомдо көп эле нерсе кылдым окшойт, 12 жыл түрк байпактарына буйрутма алып токуп жүрдүм, кийизден буюмдарды жасадым. Айылдын жанында Гольф клуб бар, ошол жерге жеңем алып барып буюмдарды сатып берип турду. Андан тышкары илмек шиш менен токуганды үйрөнүп, кичине балдарга кийим кече токуп сатып жүрдүм. Жөлөк пулга жашамак кайдан, эки балам турса, көп эле жумуш кылдым...
— Шаардын четиндеги айылда жашасаңыз, Бишкекке ар кандай иш-чараларага барып келгенде кыйынчылыктар болобу?
— Бизде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коомдук транспорттун шарты болбогондуктан, такси менен жүрүүгө аргасызмын. Көп учурда керектүү, маанилүү жолугушуулар менен иш-чаралардан транспорт жоктугунан, болгон күндө да акча каражаты тартыштыгынан улам баш тартууга аргасыз болом. Такси менен шаарга барып, кайра келүүгө 600-800 сом кетет.
Пандус -бул бизде эң актуалдуу тема, Курулуш нормалары жана эрежелери боюнча 1998- жылдан бери пандустар салынсын деген берене бар экен. Советтик доордогу курулуштарга сөз жок, бирок азыркы күндө жаңы курулуштардын көбүндө пандус жок. Айрымдарында салынганы менен жараксыз болууда, ошол кеткен каражатка ыңгайлуу, жарактуу пандус салса болот эле да дейсиң... Көзөмөлдөөчү орган жок. шаар архитектурасы башка уюмдар көзөмөлдөшү керек деп бири-бирине шылташат. Көп жерде эксперт катары бизди (мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды) чакырышса деп ойлойм.
Шаардын ичинде жардамчысы жок жүрүү өтө кыйын, жолдо тосмолор, тепкичтер, ыңгайсыз пандустар көп.
— Өзүм позитивдүү адамдардын катарын толуктайм, биринчи жолуккан кишилер мени урушчаак, сүрдүү көрүнөсүң дешет, бирок андай эмесмин. Кечиримдүү, ак көңүл, жашоого позитивдүү караган адаммын. 10 жылдан бери карай коомдук иштерде жүрөм, көптөгөн долбоорлордо иштедим. Курбу курдаштарым көп, мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардан да тагдырлаш курбуларым бар. Көбү так ошол позитивдүү, шайыр мүнөзүмдү жактырышат.
— Чет өлкөлөрдөн кайсы жерлерди кыдырдыңыз? Кандай максатта?
— Былтыртан бери «Amnesty International» укук коргоочу уюмдун жүзү болуп келе жатам. «Амнисти Кейс каттары» марафонун ишке ашырып, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо боюнча БУУнун Конвенциясын ратификациялоону колдоо максатта мен жөнүндө тартылган видео ролик бүткүл дүйнөдө көрсөтүлүүдө.
2018-жылдын октябрь айында Францияда өткөн Адам укугун коргоо декларациясынын 20 жылдыгына карата иш чарага катыштым. Ага 160 мамлекеттин укук коргоочулары катышты.
— Жашоодо өкүнүп, кайгырган учурлар болобу?
— Өкүнүч ар бир адамда болсо керек... Өкүнгөнүм азыркы акылым, ой- жүгүртүүм мындан 16 жыл мурда болгондо азыркыдай майып жана жесир болмок эмесмин деп ойлойм. Бирок, өкүнгөндөн пайда жок, ушу күнүмө да шүгүр кылып «аракет кылсаң берекет» деген девиз менен жашап келем. Анан да социалдык түйүндөрдө өз сүрөтүмдү, баскан турганымдын баарын жарыялап турганымдын бир себеби, коомчулук, эл биздин бар экенибизди, эл катары жашап жүргөнүбүздү көрүшүп, илгертен калыптанып калган стереотиптер талкаланса деген маани. Анткени ар бир адам бактылуу болууга, билим алууга, иштөөгө, өнүгүп өсүүгө жана турмуш курууга укуктуу.