11:55
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мекендеш: Европада ата-бабалары калтырган мурастарын көздүн карегиндей сакташат

Күннура Рахманованын жердиги Нарындан. Ал аталган аймактагы мамлекеттик университетинин прикладдык математика жана информатика факультетин аяктап, кийин Кыргыз Экономика университетинде экономика жаатында магистратурада билим алган.

Окуу жана окуу деген принцип Күннура Рахмановага таандык. Учурда ал «Erasmus+mobility» программасынын негизинде Италиянын Пиза шаарында аспирантурада (PhD) окуп жатат. Ал 24.kg агенттигине чет жердеги окуусу тууралуу айтып берди. 

Күннура Рахманованын жеке архивинен
Фото Күннура Рахманованын жеке архивинен

— Италияга кантип кетип калдыңыз?

— Билимге умтулган ар бир эле жаштын тилеги — окуусун чет жерден улантуу болсо керек. Мен дагы ушундай максатта көптөгөн программаларга тапшырып, арасынан Пиза шаарындагы окуу жайдан чакыруу алдым. Албетте, окууга сынактын негизинде өттүм. Аспиранттар өзүнүн илимий иштеринин актуалдуулугу, дегеле көтөргөн жүгү туурасында билдирүү жөнөтөт. Ал жактын окумуштуулар кеңешинин чечими менен «Erasmus+Mobility» программасынын негизинде окууга кабыл алындым.

Менин илимий темам «Нарын облусунун инвестициялык саясатын жакшыртуунун жолдору» деп аталат.

Анда эки өлкөнүн инвестициялык жол менен өнүгүшүн салыштыруу жана өз регионумдун инвестициялык жол менен өнүгүшүн экономикалык жактан изилдеп табуу максаты коюлган. Университеттин окумуштуулар кеңеши менин ишимди жактырып, кабыл алганы ушундан.

2018-жылдын сентябрь айынан бери Италияда билимимди улантып жатам. Бул жакта ар бирибизге бирден илимий жетекчи профессор бөлүнүп берилген, алар биздин иштерибизди ай сайын көзөмөлгө алып текшерип турат.

Окуу бюджеттик негизде жүргүзүлөт, стипендия алабыз. 

Күннура Рахманованын жеке архивинен
Фото Күннура Рахманованын жеке архивинен

— Жатакана менен дагы камсыз кылышканбы? Сизден башка дагы кыргызстандыктар барбы?

— Жок, бул жакта жатакана бербейт, өзүбүз ижара жалдайбыз.

Учурда бул жерде Кыргызстандан мен элемин, себеби, кыргызстандыкмын дегендерди жолуктурган жокмун. Бир гана кыргызды билем, бирок ал Москвада өсүп, чоңоюптур. Ал программа менен барган эмес, университетти быйыл аяктайт.

Окуу жана илимий иш англис тилинде жүргүзүлөт. Үч тилде кыргызча, орусча, англисче эркин сүйлөгөндүктөн, тилден деле кыйынчылыктар жаралган жок.

— Буга чейин чет жерге чыккан белеңиз?

— Жок, алгачкы жолу Италияга келдим. Кыргызстан менен Европаны салыштырып көрүп, биздин өлкөнүн өнүгө албай жатканы мени капа кылды. Биздин кичинекей эгемен Кыргызстаныбызды өнүктүрүү үчүн, жаштар терең билим алышыбыз керек деп ойлойм. Эң башкысы жемкорлукту жоюу зарыл.

Мени таң калтырган нерселер деле болгону жок, бир гана нерсени байкадым.

Европада ата-бабалары калтырган мурастарын көздүн карегиндей сакташат экен. Эли ток пейил, маанайы көтөрүңкү абалда жүрүшөт.

Баары сылык, кокус байкабай жөөлөп алса, токтоп кечирим сурашат. Көпчүлүк учурда бизде бул адат сакталбай да калат эмеспи. Мындан миң жыл мурдагы архитектурасынын сакталып калышы да өтө уникалдуу десем болот. Ошол архитектураларын келген туристтер көрүп, болгон кирешесин таштап кетишет. Канаттуулардын, жан -жаныбарлардын адамдардан чочулабай кошо аралашып, адамга жакын болуп калганы абдан жакты. 
Күннура Рахманованын жеке архивинен
Фото Күннура Рахманованын жеке архивинен

Окуума байланыштуу саякаттаганга деле убакыт жок. Эс алуу учурунда гана Италияга коңшу жайгашкан мамлекеттерге барып алардын маданияты, үрп-адаты менен таанышканга мүмкүнчүлүк болду. Франция, Германия, Чехия, Австрия, Венгрия, Бельгия, Амстердам мамлекеттеринде болдум. Мындан тышкары Италиянын бир катар шаарларын кыдырдым.

Албетте, өз мекенимди сагынган учурлар болот. Бирок, алдыда улуу максат- чет жерден билим алып аны өркүндөтүп, колумдан келишинче өз мамлекетимдин өнүгүшүнө салымымды кошуу. Билим алууга чек жок, мүмкүнчүлүк болсо дагы билимимди тереңдетким келет.

— Нарындын кызы болсоңуз, эттүү тамактарды сагынсаңыз керек?

- Бул жакта тамак аштары капчыкка жараша болот экен. Белгилүү тамактары: пицца, спагетти, сыр. Өтө көп түрлөрү бар, даамдуу жасашат. Албетте, ата-бабам эт жеп чоңойсо этти танмак белем, адеп келгенде этти сагындым, анан бара-бара көнүп кеттим. Эт жегим келгенде атайын сатып алам, бирок даамы Нарындын этине жетпейт, кайдан жетсин. 

Күннура Рахманованын жеке архивинен
Фото Күннура Рахманованын жеке архивинен

— Чет жерде жүрсөңүз кызыктуу окуяларга туш болсоңуз керек?

— Бир жолу бул жактагы чогу жашаган грузин кыздар болуп Франциянын бир шаарына барганбыз. Ал жактан эртең менен эрте башка шаарга чыгып кетишибиз керек болчу. Эмнеге экенин билбейм, бирок биздин автобус келген жок. Бул жакта билеттин баарын интернет аркылуу сатып алыш керек. Францияда жүргөндө же интернет иштебейт, же кыздардын карточкасы иштебейт. Wi-Fi бар кофейня таап, кудай жалгап менин карточкам иштеди, анан баарыбызга кайра билет сатып алдым. Учурунда өтө стресс болгонбуз, азыр эстесем күлкүм келет.

Эң көп окулган жаңылыктар