06:15
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Коронавируска карата Европа союзу чек араларын 1 айга жабат

Европа союзу коронавирустун алдын алуу үчүн 1 айга чек арасын жабат. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон YouTube каналы аркылуу элге болгон кайрылуусунда билдирди.

Маалыматка ылайык, Европа союзу менен биргеликте Шенгендин аймагындагы чек ара да жабылат. Өлкө башчы Эммануэль Макрон учурда өлкө согушка жакын абалда экендигин белгилеп, «биз согуштабыз», — деп кайталады.

«Жуманын экинчи күнү Европа союзунун чек арасы 30 күнгө жабылат. Европадан тышкары жана Европа союзу аркылуу өтүү каттамдары да бул мөөнөт ичи токтотулат», — дейт Франция президенти.

Эске сала кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта коронавирус дүйнөлүк пандемияга айланышы мүмкүн экенин эскертишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар