15:35
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Аймак башчыларына «Таза-Суу» долбоорунун каражаттарына көз салуу тапшырылды

Президент Сооронбай Жээнбеков аймак башчыларына «Таза-Суу» долбоорунун каражаттарына көз салууну тапшырды. Бул тууралуу ал «Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу маалымат жыйында айтты.

Мамлекет башчы аймактарды өнүктүрүүгө багытталган программа жана долбоорлор тууралуу кеп козгоду.

«Мурда аймактарды өнүктүрүү боюнча айтылып келгени менен, эч кандай кардиналдуу чаралар көрүлгөн эмес. Азыр биз муну колго алдык», -деди мамлекет башчы.

«Маалым болгондой, каржы иниституттары иштерин аймактарга багыттады. Орус-кыргыз өнүктүрүү банкы, «РСК Банк», Кепилдик фонду өздөрү аймактагы бизнес-долбоорлорду издеп жатат. Бул жолу «Таза-Суу» программасы толугу менен ишке ашат. Бирок, биз акча каражатын ким гана донорлордон алып келбесин, бул элдин каражаты экенин түшүнүшүбүз керек. Аны Кыргызстандын элинин көйгөйүн чечүү үчүн беришти. Мындан улам, долбоор сапаттуу аткарылышы керек», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар