15:05
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Коомдук каналга жетекчи болууга 22 адам кызыкдар

КТРКга башкы директор болууга ат салышкандардын саны 22ге жетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Байкоочу кеңештен билдиришти.

Бүгүн арыз берүү мөөнөтү аяктады. Эми талапкерлердин документтерин кароо башталат.

Арыз бергендердин арасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу, жарандык активист Адил Турдукулов жана каналдын азыркы жетекчиси Илим Карыпбеков бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби