Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Көк-Сай айылындагы кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган казакстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жаран көзөмөл пункттан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген.
Текшерүү маалында анын жанынан паспорту табылган. Ал УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

