09:03
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кеңеш. Кыргызстандыктарга ыңгайлуу интернет аянтчалар

Кыргызстандыктар жылына 70 тонна товарды интернет аркылуу сатып алат. Интернет дүкөндөрдөн сатып алуу жыл сайын 10 тоннага көбөйүүдө. Ошол эле учурда дүйнөлүк интернет соода аянтчаларында иш алып барган кыргызстандыктардын дагы саны артууда.

24.kg агенттиги адистер менен бирге кайсы чет элдик интернет дүкөндөр кыргызстандыктар үчүн ыңгайлуу экендигин тизмектеди.

1

«Алиэкспрес»

Кыргызстанда эң популярдуу интернет дүкөн — бул кытайлык «Алиэкспрес». Ал Кыргызстан менен көп жылдан бери кызматташат. Колдонуучулар ыңгайлуу жана ишенимдүү экендигин белгилешет. Сатып алган товарды виза картасы аркылуу төлөсө болот. 15-30 күн ичинде сатык жеткирилет. Эгер товар жетпей калса, же дагы башка кемчиликтер болгон учурда акчаны кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

2

Taobao

Taobao — бул кытайдын ири интернет дүкөнү. Анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү дагы бар. Товарларды чекене жана дүңүнөн жеткирип турат. Кыргызстадагы өкүлчүлүгүнө элсом, мобилььник жана терминал аркылуу акысын төлөй аласыз. Келгенден кийин жүктүн салмагына жараша акы алынат.

3

eBay

eBay — ири интернет баракчасы дагы кыргызстандыктардын сынынан өткөн. Бул интернет соода түйүнү товарлардын арзан баркы менен белгилүү. Бирок, көбүнчө кытай өндүрүшчүлөрү менен иш алып барат. Айтмакчы, кыргызстандыктар eBayде соода сатык жүргүзүп дагы иштешет. Бирок, Кыргызстанга түз жеткирүү жок болгондуктан, атайын ортомчуларга кайрылуу керек. Андан тышкары, eBay Paypal акы төлөө картасы менен гана иштейт.

4

Amazon

Амазон ири соода түйүнү Кыргызстан үчүн азырынча анчейин ыңгайлуу эмес. Ал өлкөгө түз жеткирип бере албайт. Бирок, ортомчулар аркылуу товар сатып алууга болот. Анткен менен Амазон өтө жоопкерчиликтүү соода түйүнү. Анда соода сатык жүргүзүп иштеген кыргызстандыктар көп. Дропшиппинг деңгээлинен өтүп, өз товары менен чыккандар дагы бар. Товардын акысын төлөөгө виза картасы жетиштүү. Ортомчулар 10-30 күн ичинде жеткирип беришет. Ал эми Амазондо соода кылып, тыйын табап дегендерге бир аз кыйын. Себеби, Амазондун базасында Кыргызстан көрсөтүлгөн эмес. Андан сырткары, алар акчаны АКШнын төлөм картасына гана которушат. Пеймент картасынан акчаны Кыргызстандагы бир банк гана аркылуу алууга болот. Андан тышкары АКШнын walmart баракчасынан товар сатып алгандар дагы бар.

5

ishooter

Курал-жарак сүйүүчүлөрүнө Россиянын бир нече сайттары жардам бере алат. Алардын катарында - ishooter турат. Россиядан товар сатып алууга эч бир тоскоолдуктар жок.

6

Белгилүү маркалар

Айтмакчы, Zara, Mango, H&M, жана башка эл аралык маркалардын товарларын дагы интернет аркылуу башка өлкөдөгү түйүндөрүнөн сатып алсаңыз болот. Ал үчүн жеткирип берүүчү бир нече баракчалар бар. Алар товардын салмагына жараша акысын алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума