18:04
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

ИИМ: Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча күбөлөрдү эч ким кысымга алган жок

Киши колдуу болуп каза болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча күбөлөрдү эч ким кысымга алган жок. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин башчысынын орун басары Мирлан Каниметов билдирди.
 
Айтымында, Калыбек Элтуйбасов күбө катары гана өтүүдө, ал бул иште күнөөлүү эмес.
Маалыматка ылайык, күбө Калыбек Элтуйбасовго бир канча суроолор болгондуктан ал чакырылган.
 
Эске салсак, ал АКШда кармалган. Буга чейин ИИМ Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды деген маалымат бар деп билдирген.
 
Бирок, маалымат жыйында Мирлан Каниметов экс-депутат Аида Салянованын тууганы кылмыш иши боюнча эмес, миграциялык мыйзамдуулукту бузгандыгы үчүн АКШда кармалды деди.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар