00:26
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Зордуктоо. Шектүү кылмыш маалында акыл-эси ордунда болгонбу же жокпу текшерилет

14 жаштагы кызды зордуктоого шектүү кылмыш маалында акыл-эси ордунда болгонбу же жокпу текшерилет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ош ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү кылган ишин мойнуна алды. Ал кызын 3 жолу зордуктаган.

«Учурда кыздын 6 айлык боюнда бар. Ал кризистик борбордо жашап жатат. Милиция экспертиза дайындады. Алар кылмышка шектүүнүн кылмыш маалында акыл-эси канчалык деңгээлде ордунда болгон аныкташы керек. Маалыматка ылайык, шектүү жол кырсыгынан кийин психикалык жактан жабыркаган», -деп билдиришти ОИИБдан.

Эске салсак, Өзгөндө милиция үйлөрдү кыдырып жүрүп кош бойлуу кызды аныкташкан. Маалыматка ылайык, аны өз атасы зордуктап койгон. 

Эң көп окулган жаңылыктар