04:31
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Райымбек Матраимовдун мүлкү текшерилет

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө киришти. Бул маалыматты мекемеден билдиришти.

Текшерүү өткөн жылдын аягында президент Жээнбековдун басма сөз жыйынында журналисттер берген маалыматтардын негизинде жүргүзүлүп жатат.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген. Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан.

Өкмөт райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок Бишкек шаардык соту 2018-жылдын 28-декабрында Райымбек Матраимовду кызматында калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Юристтер ошол эле кезде бул чечим аткарылууга тийиш экенин, Матраимов факт жүзүндө ишке бара ала тургандыгын билдиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар