01:43
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Кара түтүн. Ага ЖЭБтин мештери жана от жаккан үйлөр себеп

Бишкекте кара түтүндүн пайда болушуна негизги себеп ЖЭБ мештери жана жеке үйлөрдө оттун жагылышы. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыргыз-орус славян университетинин метеорология, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын башчысы Андрей Подрезов билдирди.

Анын айтымында, абанын булганышы ноябрдан башталат. Бул убакта турак үйлөр от жага башташат.

«Абанын булганышына унаалардан чыккан газдар да таасир этет. Бирок алардын зыяндуулугу мештерге караганда анча чоң эмес», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар