14:56
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекти каптаган кара түтүн. Шаардык кеңештин депутаттары маселени карашат

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин 20-сессиясы өтүп жатат.

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Таалайбек Сагынов күн тартибине Бишкектеги булганган аба тууралуу маселени киргизүүнү сунуштады.

«ЖМКда, социалдык түйүндөрдө бир канча күндөн бери шаардын үстүн каптаган кара түтүн тууралуу талкуулап жатышат. Шаарда орнотулган жабдыктар сертификациядан өткөн эмес деген маалыматтар айтылууда. Бул боюнча маалыматты уксак» — деди Таалайбек Сагынов.

Ал билдиргендей, ушул жылдын июнунда экологиялык абалды жакшыртуу боюнча программа кабыл алынган. Депутаттар мындай сунушту колдошту. Маселе БШКнын талкуусуна коюлмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума