00:27
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкектеги кара түтүн. Абанын сапатын текшерүүчү станцияны коюга 4 компания даяр

Бишкектеги абанын сапатын текшерүү үчүн станцияны коюга 4 компания даяр. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги абанын сапатына байкоо жүргүзүү үчүн автоматтык станцияны сатып алуу жана орнотууга сынак жарыялаган. Анда бааланган сумма 38 миллион сом.

TOO «Дистрилаб» станцияны орнотууну 36,4 миллион сомго баалады. «Капитал УНИ» ЖЧК 36,5 миллион сомго, ТОО «Проманалит» 33,9 миллион сомго, ТОО «Интертек Казсервис» 33,6 миллион сомго баалашты.

Эң көп окулган жаңылыктар