2018-жылы Кыргызстанда жашы жете элек өспүрүмдөргө карата орой мамиле жасаган 136 факты катталган. Бул тууралуу тегерек столдо ИИМдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруу боюнча бөлүмдүн башчысы Азамат Абдрахманов билдирди.
Айтымында, 13 бала каза тапкан.
«Жаңы төрөлгөн наристелерлин өлүмү боюнча 3 факт катталды. Алардын негизги себеби энелери өздөрү кылмыш жасашкан, айрымдары балдарын кооптуу абалга таштап коюшкан. Дагы 2 бала энелери өз өмүрүнө кол салуу маалында көз жумган», -деди ал.