07:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Макмалдагы чыр-чатак чагымчылдар тарабынан уюштурулган

Тогуз-Тородогу алтын чыгаруучу фабрикада болгон өткөн жылкы чыр-чатак чагымчылдар тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. 

Мамлекет башчы билдиргендей, инвесторлор менен жергиликтүү элдин ортосундагы чыр-чатакка лицензия берүүдөгү жемкорлук себеп болууда. Буга элдин маалыматы жоктугу дагы кошумча.

«Макмалда чыр-чатак болду. Баарын түшүндүрүштү эле, эл тынчып калды. Инвестор эми тынч иштеп жатат. Былтыр чагымчылдардын айынын келишпестиктер болду. Алар эч нерсе болбогондой жүрүшөт, ал эми жаштар жоопко тартылып калды», -деди президент.

Эске салсак, былтыр апрелде Тогуз-Торо районунун тургундары митингге чыгып, алтын чыгаруучу ишкананын курулуп жаткан объекттерин өрттөшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар