21:18
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Президент: Аймактардын экологиялык коопсуздугу баарынан жогору

Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет аймактардын тургундары жана жергиликтүү калк менен тыгыз иштеши керек. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Айтымында, тоо-кен тармагын иштетүүгө лицензия берүүдө аткаминерлер аймактын элинин кызыкчылыгын эске алышпай жатат.

«Коопсуздук маселесине көңүл бурушпайт, экологиялык маселелер көңүл сыртында калат», -деди мамлекет башчы.

«Тоо-кен тармагын иштетүүгө лицензия алган компания тууралуу жергиликтүү органдар, тургундар билиши керек. Маалымат так жана туура болушу шарт. Ушундай жол менен гана эки тараптуу түшүнбөстүктөрдүн алдын алабыз», -деп кошумчалады президент.

Эң көп окулган жаңылыктар