20:26
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Кыргызстанда темир жол аркылуу жүк ташуучу вагондор жетишпейт

Кыргызстанда темир жол аркылуу жүк ташуучу вагондор жетишпейт. Бул тууралуу «Өнүгүү-прогресс» фракциясынын отурумунда башкы директор Каныбек Абдыкеримов билдирди.

Айтымында, жалпы вагондордун ичинен 52,5 пайызы колдонууга жараксыз абалга келген.

««Кыргыз темир жолу» жыл сайын Бишкек жана Беловодскто вагондорду ремонттоп турат. Былтыр 15 жүргүнчү ташуучу жана 4 жүк ташуучу вагонду капиталдык ремонт кылганбыз. Деподон 52 жүргүнчү ташуучу жана 371 жүк ташуучу вагондор оңдолгон. Ишкананын ишмердүүлүгүн толук кандуу жүргүзүү үчүн 200 жүк ташуучу вагон керектелет. Ага 571 миллион сом талап кылынат», -деди Канатбек Абдыкеримов.

Эң көп окулган жаңылыктар