19:47
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Баш калаада № 5 автобустук маршрутту калыбына келтирүү пландалууда

Бишкекте № 5 автобустук маршрутту калыбына келтирүү пландалууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине муниципалитеттин Унаа башкармалыгынын башчысы Хасанбек Алимбеков билдирди.

Айтымында, автобус «Көлмө» конушунан Боталиев, Тоголок Молдо, Абдрахманов көчөсүнөн 12-кичи районго чейин жүрөт.

Маршрутту «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсы тейлейт. Аталган компания 18 автобус алып келет.

Хасанбек Алимбековдун айтымында, компания учурда борбордогу № 35 маршрутту тейлеп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар