20:53
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте акылдуу жол чырактар орнотулат

Бишкекте акылдуу жол чырактар орнотулат. Бул тууралуу маалымат жыйында мэриянын унаа бөлүмүнүн жетекчиси Кубан Жусупов бидирди.

«Биз унаалардын агымын козөмолөп турган акылдуу жол чырактарды киргизүүнү пландап жатабыз. Унаалардын саны көп болгондо, жашыл жарык көпкө чейин жанып турат», -деди ал.

Анын билдиргенине караганда, мындай ыкма борбор калаадагы жол тыгындарын азайтат. Мындан сырткары мэрия велосипеддерди жайылтууну пландап жатат.

«Велосипеддик инфраструктураны түзүүдө аларды ижарага берүү долбоорун дагы түзүү керек. Каалаган киши жете турган жайына велосипед менен барып, кайра өткөзүп берет. Аны смарт-карта аркылуу төлөсө болот», -деди Кубан Жусупов.

Анын айтымында, быйыл борбор калаада 9 чакырым веложолдор курулат.

Эң көп окулган жаңылыктар