09:29
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

CPJ: Кыргыз бийлиги «Азаттыктын» эркин иштөөсүнө шарт түзүшү керек

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет кыргыз бийлигинин «Азаттык» радиосун жабуу боюнча чечиминен баш тартканын оң жыйынтык катары баалап, бирок «башында эле мекемени жабуу аракеттери жүрбөшү керек болчу» деп билдирди. Уюм мындай билдирүүсүн сайтына 12-июлда жарыялады.

«Кыргыз бийлиги «Азаттык» радиосунун эркин иштөөсүнө шарт түзүп, өзүнө жакпаган же макул болбогон мазмун боюнча «Азаттыкка» жана башка ЖМКларга кысым көрсөтүүнү токтотушу керек», — деди эл аралык комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид.

Бишкек шаардык соту 12-июлдагы отурумунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Азаттык Медиа» мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтоткон.

Эң көп окулган жаңылыктар