11:29
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Былтыр өлкөгө 345 миллион доллар көлөмүндө инвестиция тартылган

Өткөн жылы өлкөгө 345 миллион доллар көлөмүндө инвестиция тартылып келген. Бул тууралуу Экономика министри Олег Панкратов Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Айтымында былтыр 328 миллион доллар көлөмүндөгү инвестиция өлкө аймагынан чыгып кеткен.

Депутат Руслан Казакбаев 2018-жылы андан ары жылдыруу үчүн элчиликтерге канча бизнес-долбоор жөнөтүлгөнүнө кызыкты. Экономика министри Олег Панкратов инвестиция тартуу маселеси менен Экономика министрлиги жана Инвестицияны жылдыруу жана коргоо агенттиги иш алпара турганын белгиледи.

Экөөнүн ортосундагы айырма анчалык деле чоӊ эмес экенин белгилеген депутат Бахадыр Сулейманов мынчалык инвестиция тартып келдик деп мактануунун деле кажети жок экенин айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар