20:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

КТРКнын башкы директорунун кызмат ордуна сынак жарыяланды

КТРКнын башкы директорунун кызмат ордуна сынак жарыяланды. Бул тууралуу КТРКнын сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 19-мартында телеканалдын учурдагы башкы директору Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгат.

КТРК боюнча мыйзамга ылайык, башкы директор 4 жылга шайланат. Сынактын талаптары боюнча, талапкерлердин жогорку билими болушу керек. Муну менен катар мамлекеттик тилди эркин билүү, расмий, англис жана башка тилдерди билгендерге артыкчылык берилет. 

Сынакка катышуучу талапкерлер Байкоочу кеңештин төрагасынын атына арызын, түстүү сүрөтү менен кошо өздүк таржымалын, өмүр баяны, паспортунун көчүрмөсү, жогорку билими жөнүндө дипломунун көчүрмөсүн, жана башка документтерди камдашы керек. КТРКны өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин жазуу түрүндө жана оозеки айтып бериши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар