Былтыр Ош шаарында 253 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 48 миллион 707 миң 771 сомду түзгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан 4 адам каза болуп, 9 адам ар кандай күйүк жараатын алган.
Өрттөн 3 адамдын өмүрү куткарылып, 9 миллион 150 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган. Ошондой эле жыл ичинде куткаруу кызматы тарабынан Ош шаарынын калкына экстремалдык учурларда 235 (2017-жылы — 138) жолу чыгуу болуп, төмөнкүдөй кечиктирилгис жардамдар көрсөтүлдү:
— сууга чөккөндөргө — 8 ;
— өрт кырсыгына — 2 ;
— жол кырсыгына — 6 ;
— штаттык эмес чыгууларга — 219 ;
— турак жайлардан сөөктү алып чыгууга — 3.