06:34
USD 77.80
EUR 87.84
RUB 1.09

Криштиану Роналду Италияда дарыланып жаткан кыргызстандык кызды зыярат кылды

«Ювентустун» чабуулчусу Криштиану Роналду сүйлөшкөн кызы Джорджина Родригес менен бирге Италияда дарыланып жаткан рак оорусу менен жабыркаган кыргызстандык балдардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн дарыгери Дамира Байзакова социалдык түйүнгө жазды.

Футболчудан тышкары италиялык футбол клубунун мүчөлөрү да зыяратка келишкен.

«Биздин балдарды «Ювентус» командасынын оюнчулары зыярат кылышты, алардын арасында белгилүү Криштиану Роналду дагы бар», -деп жазган Дамира Байзакова.

«Бул кыздын аты Юна, ал кыргызстандык. Тилекке каршы Юна рактан сөөгү жабыркаган. Бактыга жараша оор күндөр артта калып, учурда Турин шаарында химиялык дарылоодон өтүп жатат», -деп жазды дарыгер.

Мындан тышкары Туринде италиялык полиция кыргызстандык бейтап Нурпазылды дагы зыярат кылышып, белек беришкен. 

Эң көп окулган жаңылыктар