21:52
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сокулук районунда маршруттук такси сүзүп кеткен киши каза болду

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда маршруттук такси сүзүп кеткен киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн эртең менен саат 08.30дар чамасында болгон.

Алган жараатынан улам эркек киши ошол жерде жан берген. Милициянын айтымында, каза тапкан жарандын жанында документтери болгон эмес.

Учурда унаанын айдоочусу кармалып, маршруттук такси айып короого токтотулду.
 


Эң көп окулган жаңылыктар