11:33
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Жаңы китептердин акыркы партиясы мектептерге ушул жылдын февралында келет

Жаңы китептердин акыркы партиясы мектептерге ушул жылдын февралында келет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор алкагында бир убакта эле жаңы билим берүү стандарттары боюнча 3 миллиондон ашуун китеп басылып чыгат. Алардын жарымы мектептерге таратылды. Февралда калган окуу куралдары келет. Алар 5-6-класстар үчүн «Информатика», «Технология», «Адам жана коом», «Математика», «Кыргыз тили», «Кыргыз адабияты», «Өзбек тили», «Өзбек адабияты» жана 6-класс үчүн «Биология».

Эске салсак, китептерди басып чыгаруу үчүн сынакка жергиликтүү басмаканалар гана эмес, чет өлкөлүк басмаканалар дагы катышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар