Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы төмөнкү даректерде өчөт:
Саат 9:30дан 12:00гө чейин 4-кичи районунун № 30, 35-үйлөрүндө;
Саат 13:00дөн 15:00гө чейин 8-кичи районунун № 40, 42-үйлөрүндө;
Саат 13:00дөн 17:00гө чейин Орто-Сай айылынын Иманалиев, Рысмедиев жана Асанбаев көчөлөрүндө;
Саат 9:30дан 17:00гө чейин Орто-Сай айылындагы Келдибек Карбоз уулу көчөсүндө;
Саат 9.30дан 18.00гө чейин Абай, Табалдиев, Медеров, Сагынбай манасчы, Москва, Тимирязев, Жаш Гвардия бульварында жана Жал кичи районунун айрым аймагында электр жарыгы өчүрүлөт.