18:31
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Орусиядан алынып келинген аскердик-техникалык жардамды тапшыруу аземи болот

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Орусиядан алынып келинген аскердик-техникалык жардамды тапшыруу аземи болот.

Аскердик-техникалык жардам «ЕАЭБге кошулуунун алкагында техникалык жардам көрсөтүү тууралуу» эки өлкөнүн өкмөттөрү арасында келишимди ишке ашыруунун алкагында берилди.

Техника бир ай мурун алынып келинген. Биринчи партия 123 даана унаа жана инженердик техникадан турат. Анын ичинде адамдарды жана жүктөрдү ташый турган 108 унаа, экскаватор, автокран, санитардык унаалар, атайын даярдыктагы унаалар бар.

Экинчи партия ушул жылдын биринчи жарымында алынып келинмекчи.

Эң көп окулган жаңылыктар