05:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков алгачкы иш сапарын Норвегиядан баштайт

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 15-16-январь күндөрү Норвегия Королдугуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында Чыңгыз Айдарбековдун Норвегиянын тышки иштер министри, юстиция министри, Норвегиянын радиациялык коргоо Агенттигинин директору, Осло шаарынын мэри, парламент өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушуусу өтөт.

Андан тышкары ТИМ башчысы Норвегияда жашап жана иштеген мекендештер менен жолугушуусу пландалган.

Эң көп окулган жаңылыктар