Суроо: Ажырашкан аял күйөөсү менен кайра жарашуу үчүн сөзсүз күйөөгө тийип чыгуу керекпи?
Жооп: Күйөөсү үч жолу талак берсе, түгөйлөр кайра кошула албайт. Бул биротоло ажырашуу. Ал аял менен эркек бири-бири үчүн тыюу салынат. Алар кайра нике кыйып дагы кайра жашай албайт.
Кайра нике кыюу үчүн аял турмушка чыгып, ажырашышы, же жесир калышы керек. Идда мөөнөтү бүткөндөн кийин мурдакы күйөөсү менен никеге тура алат. Бул ислам тахлиль деп аталат.