04:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Суроо-жооп. Жаңы-жыл мусулман адам кантип тосо алат?

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Жаңы-жылды жөрөлгөсүз эле тосууга болобу? Кошунам дасторкон жайып, конок тосууга да болбойт дейт?

Жооп: «Аракеттер ниетке жараша» деп айтылат хадисте. Мындан жаңы жылга байланыштуу суроого жооп тапса болот. Жаңы жыл — эл аралык үй-бүлөлүк майрам. Ал күнү ата-энесинин үйүндө чогулуп, бири-бирине белек беришет.

Ислам балатыны айлануу, ага тилегин айтууга каршы. Андан тышкары, майрам спирт ичимдиктерин ичүү менен коштолот. Динде ичимдик ичүүгө жана ашыкча чыгымга жол жок.

Эң көп окулган жаңылыктар