15:58
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чүйдө 12 жашар кызга ыдык көрсөткөн дарыгер 21 жылга камакка алынды

Чүй облусуна караштуу Кемин районунда 12 жашар кызга ыдык көрсөткөн дарыгер 21 жылга камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Кемин райондук соту чыгарды.

Айыпталуучу тарап аталган чечим боюнча жогорку инстанцияга кайрылган, бирок Чүй облустук соту чечимди күчүндө калтырды. Окуяга шектүү күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алып, кийин ал сөздөрүнөн баш тарткан.

Эске салсак, ушул жылдын сентябрында Кемин районунда 12 жашар кызды зордуктоого аракет кылган дарыгер кармалган. Окуя Орловка шаарында болгон. 53 жаштагы дарыгер 12 жашар кызга дары салып, аны кыймылсыз кылып, ыдык көрсөтүүгө аракет жасаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби