08:27
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Швецияда теракт пландоого шектүү кыргызстандыктын соту башталды

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобун каржылоого айыпталган, Швецияда жашаган алты өзбекстандык жана бир кыргызстандык жарандын соту башталды.

Борбор Азиядан келген үч киши мындан тышкары Швеция аймагында террордук акт пландоого күнөөлөнүүдө.

Стокгольмдогу алгачкы соттук отурум 7-январда өттү. Айыпталуучулар: Өзбекстан жарандары Акрамжон Эргашев, Бахтиёр Умаров, Гулом Тажиев, Шоахмад Махмудов, Дэвид Идриссон, андан тышкары кыргызстандык Атабек Абдуллаев ок өтпөс айнек тосмонун артында отурушту.

Абдуллаев, Идриссон жана Умаров Стокгольмдо терракт даярдоого да айыпталууда.

24 жаштан 46 жашка чейинки алты шектүү тең Швецияда мыйзамдуу түрдө жашаган. Алар айыптоолорду четке кагышууда.

Сот жараяны 11-февралга чейин уланат.

Айыпталуучулар Швеция соту өмүр бою эркинен ажыраткан өзбекстандык Рахмат Акилов менен байланышта болгон деп шектелүүдө. 40 жаштагы Акилов 2017-жылдын 7-апрелинде Стокгольмдо жүк ташуучу унаа менен элди тебелетип, соода борборунун имаратын сүзгөндөн кийин машинеси өрттөнүп кеткен. Кол салууда Швециянын үч, Британия менен Бельгиянын бирден жарандарынын өмүрү кыйылып, 15тен ашык киши жараланган.

Эң көп окулган жаңылыктар