06:55
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Чоочун паспорт менен өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жаран кармалды

«Чечме-автодорожный» бекетинен Кыргызстанга башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

«Өзбекстандын 57 жаштагы жараны чек арадан 25 жаштагы жигиттин паспортун көрсөткөн. Кызматкерлер ал жаш курагынан кыйла улуу көрүнгөндүктөн, андан шек санап суракка алышкан. Ал тууганынын паспортун алып жүргөнүн мойнуна алды», — деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү материалдар толтурулгандан кийин кармалган киши ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума