16:20
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргыз-казак чек арасын чоочун паспорт менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек-унаа жол» өткөрүү пунктунда чек арачылар башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, колго түшкөн тургун чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатып 1993-жылы төрөлгөн Е.А.уулу аттуу жарандын паспортун көрсөткөн. Текшерүү учурунда ID-card ага тийиштүү эмес экендиги аныкталды.

Кармалган киши Орусияга Казакстан аркылуу кирүү үчүн башка паспортту колдонгонун мойнуна алды.

Эң көп окулган жаңылыктар