00:35
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Чоочун паспорт менен Тажикстанга өтүүгө аракет кылган аял кармалды

Баткен районундагы «Кулунду» чек ара пунктунан чоочун паспорт менен Тажикстанга өтүүгө аракет кылган кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1962-жылы туулган Р.А. аттуу айым текшерүү учурунда чек арачыларга 1974-жылы туулган Б.И. аттуу аялдын паспортун көрсөткөн. Териштирүүнүн жыйынтыгында Р.А. өзүнүн паспортун унутуп калгандыктан, тууганынын паспортун пайдалангандыгын мойнуна алды.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган аял УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар