09:27
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чоочун паспорт менен коңшу өлкөгө кетүүгө аракет кылган жаран кармалды

«Ак-Тилек-автодорожный» өткөрүү пунктунда Казакстанга чоочун паспорт менен өтүп кетүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арачыларга жаш жигит чоочун паспортту көрсөткөн. Текшерүү маалында ал документтин кожоюну эместиги аныкталды.

«Кыргызстандык жаран бөтөн паспортту колдонгондугун мойнуна алды. Ал алимент төлөбөгөндүгү үчүн, чет жерге чыгууга тыюу салынган экен. Кармалган жаран милицияга өткөрүлүп берилди», -деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Эң көп окулган жаңылыктар