15:19
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мамлекеттик чек арадан чоочун паспорт менен өтүүгө аракет жасаган аял кармалды

Мамлекеттик чек арадан чоочун паспорт менен өтүүгө аракет жасаган аял «Ак-Кыя — автодорожный» өткөрүү пунктунан кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 33 жаштагы кыргызстандык аял өзбек анклавы Шахимарданга өтүп кетүүгө аракет кылган. Ал чек арачыларга 29 жаштагы М.М. аттуу жарандын паспортун көргөзгөн.

«Чек арачы документтеги сүрөт менен аны көрсөткөн аялдын айырмасын дароо билген. Кармалган аял жакын тууганынын паспортун алып жүргөндүгүн мойнуна алды», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби