Эркеайым Абдуллаеваны көпчүлүк белгилүү фото-модель жана бир топ клиптердин көркүн ачкан актриса катары билишсе, жыл соңунда белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиевдин келини ролунда таанылды.
Эркеайым Абдуллаева Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Түпкү теги Баткендин Лейлегинен.
Модель азырынча көбүнчө үй-бүлөлүк жашоосу менен алек болуп жатканын 24.kg агенттигине айтып берди.
— Бул жылы турмуш жолуна аттанып, белгилүү саясатчынын үй-бүлөсүнө келин болдуңуз. Жолдошуңуз менен кантип, кайсыл жактан таанышып калгансыз?
— Жолдошум менен социалдык түйүндөрдүн биринен Инстаграм аркылуу таанышып калганбыз. Тай-Мурас мени өжөрлүк сапаты менен багындырды. Анда жигиттик сапаттар көп: көздөгөнүнө жетет, сөзүнө бекем турат, так жана үй-бүлөгө камкор, алдыга максат койгон адамдардан. Мен дагы өз кезегинде жолдошума таяныч болуп идеалдуу жубай болгум келет.
— Саясатчынын тун келини болдуңуз. Келиндик милдетти кандай аткарып жатасыз?
— Келиндик милдетти жакшы өтөп жатам. Кыйынчылыктарын деле көргөн, байкаган жокмун, баары мени өз кызындай жакшы кабыл алышты. Учурда Жалал-Абад шаарында акемдер менен бирге турабыз. Кайнатам абдан боорукер, жакшы адам.
— Сизди мурда тасмаларда жана клиптерде көп көрчүбүз, азыр деле тартылууга сунуштар түшүп жатабы?
— Азыр деле сунуштар түшүп жатат, бирок турмушка чыккандан кийин сүрөткө түшүү, тасмага тартылуулардын санын азайттым. Мен бул тууралуу мурдатан бери эле айтып келгем, мен үчүн үй-бүлөө, туугандарым жогору турат. Азыр сунуштардан баш тарткан учурларым да болууда.
— Мурда модель катары көп көрчү элек, азыр жолдошуңуз буга көз карашы кандай? Саясатчынын келинин кийин саясаттан көрүп калышыбыз мүмкүнбү?
— Моделдик жумушума жолдошумдун көз карашы түз, иштөөмө тыюу салбайт. Бирок, жогоруда айткандай азыр үй-бүлөөгө гана басым жасайм. Ал эми саясатка кызыкпайм, келечекте да саясаттан мени көрө албайсыздар.
— Бул жылы турмушка чыгып, жаңы жылды биринчи жолу кайын журтуңуздун курчоосунда өткөрөсүз, кандай даярдыктарды көрүп жатасыз? Ашканада кандай кожойкесиз?
— Ооба, быйыл биринчи жолу жаңы жылды жолдошум жана туугандарыбыз менен Жалал-Абадда тособуз. Даярдыктар жакшы. Ашканада өзүмдү жакшы кожойкемин деп айта алам. Айрыкча мантыны даамдуу жасайм.
— Жолдошуңуз Жалал-Абадда ишкерлик менен алектенет экен. Ал жакка биротоло көчүп кеттиңиздерби?
— Жолдошум ишкерлик менен алектенет, мындан улам убактылуу ошол жакта болобуз. Жалал-Абадка биротоло көчүп кеттик деп айта албайм.