18:38
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен 460 адам абактан чыгат

Жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен гумандаштыруунун негизинде 460 адам абактан чыгат. Бул тууралуу парламенте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетте депутат Мирлан Жээнчороевдин суроосуна жооп берип жатып Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.

Ал сотторго майда кылмыш иштерин кыскартуу боюнча көрсөтмөлөр даярдалып жатканын билдирди.

Акыркы расмий маалыматка ылайык Кыргызстанда абакта отургандардын саны сегиз миңден ашат. Ал эми Түрмөлөрдү изилдөө боюнча эл аралык борбордун маалыматына караганда, Кыргызстанда абакта отургандар он миңден ашат.

Эң көп окулган жаңылыктар